Ооганстан: Качкындар Өзбекстанга желим бөтөлкөнүн жардамы менен Аму дарыя аркылуу өтүшүүдө
"Талибан" кыймылынын коркунучунан улам оогандыктар Аму дарыя аркылуу желим бөтөлкөлөр менен сүзүп, мамлекеттик чек арадан өтүп, коңшу Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, качкындардын агымы Термез аймагында көп катталууда. Өзбекстандын чек арачылары дарыя аркылуу кирген оогандыктарды кармап жатат.
Буга чейин Өзбекстан 150дөй ооган качкындарын мамлекеттик чек арага жакын жердеги чатыр лагерге жайгаштырганын жарыялаган. Лагерди өзбек чек арачылары кайтарат, качкындарга тамак-аш жана керектүү жардамдар берилет.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-07-02

Рейтинг:
-2

Комментарийлер(2)
ayzhan12

20.08.2021. 11:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуга ашынган исламчыл талибтер күнөөлү. Ушул талибтер келгенден баштап, биздеги дамбалчан, ашкере диңге берилген жарандарыбыз өзгөчө шыктынышып, аялдардын бети башына хиджаб, паранджаны мажбурлап чүмкөп жаткандарын суктануу менен кубаттап жаткандары айбанчылык. Аялдардын бети башына хиджабты тумчулагындан мурда, биринчи аялдардын табигый муктаждыктарын, социалдык маселесин чечип берип коюшпайбы. Анын бирин да кыла албайсыңар караңгы динчил талибтер.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-20 11:41:42
ruslan.kurmanaliev.1984-m

20.08.2021. 13:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ayzhan12:диндин эмне тиешеси бар исламга асылбай эле койгула талиптеди мага десе бышырып жегиле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.