super.kg logo

Дүйнөдөгү армиялардын рейтинги: Алдыңкылар кимдер? Кыргыз армиясы жана Борбордук Азиядагы куралдуу күчтөр канчанчы орундарда турат?

 

Акыркы учурларда дүйнөдөгү айрым өлкөлөр арасында орун алып жаткан куралдуу кагылыштар мекен коопсуздугун камсыз кылган армия, аскердик күч, согуштук техника сыяктуу темаларды кайрадан көңүл чордонуна алып келди. Мындан улам кызыктуу маалымат иретинде дүйнөдөгү мамлекеттердин армия күчтөрүн изилдеген Global Firepower веб-сайтынын 2021-жылга карата жаңыланган рейтингин сунуштайбыз.

Аталган веб-сайт 15 жылдан бери 140тан ашык өлкөнүн армия күчүн изилдеп келет. Өлкө армияларын рейтингге жайгаштырууда армияга жумшалган каражаттан тартып өлкөнүн географиялык абалына чейин жалпы 50дөн ашык критерий эске алынат. Ошондой эле аталган рейтингдеги эң негизги нерсе өзөктүк куралдар (ядерное оружие) армиянын күчүн өлчөөдө эч кандай таасирин тийгизбейт, башкача айтканда веб-сайт рейтингди түзүүдө өзөктүк куралдарды эске албайт.

2021-жылга карата жаңыланган рейтингдин алдыңкы ондугуна кирген армиялар төмөнкүлөр:

1. АКШ

Аскерлердин саны - 1 миллион 400 миң

Согуштук танкттар - 6 миң 100

Аба техникалары - 13 миң 223

Авианосецтердин саны - 11

Суу астындагы согуштук кеме - 68

Өзөктүк куралдар - 1 миң 350

Армиянын бюджети - 740 миллиард 500 миллион доллар

Америка Кошмо Штаттары армиясынын күчтүүлүгү боюнча бир канча жылдан бери лидерлик орунду эч кимге бербей келет. Аталган өлкө армияга жумшаган каражаттын көлөмү боюнча башкалардан кыйла алдыда орун алган. Куралдуу күчтөрүн чыңдоо үчүн АКШ ар жылы 740 миллиард доллардан ашык акча сарптайт.

Ошондой эле бул өлкө согуштук аба күчтөрү жагынан да бир да мамлекетти алдына чыгарбай тургандай күчкө ээ. Аталган өлкөнүн абадан салгылашуучу техникаларынын саны (13 миң 223) кийинки орунда турган Орусиянын аба күчтөрүнөн 3 эсе көптүк кылат.

Муну менен катар дүйнөдөгү авианосецтердин (ачык деңизде учактар конуучу кеме) эң көп саны да (11) АКШга таандык.

2. Орусия

Аскерлердин саны - 1 миллион 13 миң

Согуштук танкттар - 13 миң

Аба техникалары - 4 миң 144

Авианосецтердин саны - 1

Суу астындагы согуштук кеме - 64

Өзөктүк куралдар - 2 миң 76

Армиянын бюджети - 42 миллиард 129 миллион доллар

Орусия кургакта салгылашуучу согуштук танктардын саны жагынан дүйнө өлкөлөрү арасында лидер болуп саналат. 13 миң даана согуштук танктын күчүнө ээ болгон Орусиянын армиясы бул жаатта АКШны да артка калтыра алат. Ошондой эле өзөктүк куралдардын эң көп саны да Орусияга таандык (2 миң 76).

Белгилей кетүүчү нерсе, Орусия армиянын күчтүүлүгү боюнча АКШга негизги атаандаштыкты жараткан өлкө болуп саналат.

3. Кытай

Аскерлердин саны - 2 миллион 183 миң

Согуштук танкттар - 3 миң 205

Аба техникалары - 3 миң 260

Авианосецтердин саны - 2

Суу астындагы согуштук кеме - 79

Өзөктүк куралдар - 320

Армиянын бюджети - 178 миллиард 200 миллион доллар

Кытай өлкөсү армиянын күчтүүлүгү боюнча 3-катарда жайгашканы менен аскердик күчтүн көптүгү жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөнүн 2 миллион 183 миң жоокери бар.

Ошондой эле суу астындагы согуштук кемелердин саны боюнча да дүйнөдө лидер болуп саналат.

Мындан тышкары куралдуу күчтөрдү чыңдоого эң көп каражат сарптаган АКШдан кийинки экинчи өлкө болуп эсептелет.

4. Индия

Аскерлердин саны - 1 миллион 444 миң

Согуштук танкттар - 4 миң 730

Аба техникалары - 2 миң 119

Авианосецтердин саны - 1

Суу астындагы согуштук кеме - 17

Өзөктүк куралдар - 150

Армиянын бюджети - 73 миллиард 650 миллион доллар

Индия өлкөсү жоокерлеринин көптүгү боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки орунда турат. Ошондой эле армияга короткон акчасы боюнча 3-өлкө болуп саналат.

5. Япония

Аскерлердин саны - 247 миң 160

Согуштук танкттар - 1 миң 4

Аба техникалары - 1 миң 480

Авианосецтердин саны - 2

Суу астындагы согуштук кеме - 20

Өзөктүк куралдар - - -

Армиянын бюджети - 51 миллиард 700 миллион доллар

6. Түндүк Корея

Аскерлердин саны - 580 миң

Согуштук танкттар - 2 миң 600

Аба техникалары - 1 миң 581

Авианосецтердин саны - 0

Суу астындагы согуштук кеме - 22

Өзөктүк куралдар - - -

Армиянын бюджети - 48 миллиард доллар

7. Франция

Аскерлердин саны - 268 миң

Согуштук танкттар - 406

Аба техникалары - 1 миң 057

Авианосецтердин саны - 1

Суу астындагы согуштук кеме - 10

Өзөктүк куралдар - 290

Армиянын бюджети - 47 миллиард 700 миллион доллар

8. Улуу Британия

Аскерлердин саны - 192 миң 660

Согуштук танкттар - 109

Аба техникалары - 738

Авианосецтердин саны - 2

Суу астындагы согуштук кеме - 11

Өзөктүк куралдар - 120

Армиянын бюджети - 56 миллиард 42 миллион доллар

9. Бразилия

Аскерлердин саны - 334 миң

Согуштук танкттар - 439

Аба техникалары - 676

Авианосецтердин саны - 0

Суу астындагы согуштук кеме - 6

Өзөктүк куралдар - - -

Армиянын бюджети - 29 миллиард 300 миллион доллар

10. Пакистан

Аскерлердин саны - 664 миң

Согуштук танкттар - 2 миң 680

Аба техникалары - 1 миң 364

Авианосецтердин саны - 0

Суу астындагы согуштук кеме - 9

Өзөктүк куралдар - 120

Армиянын бюджети - 12 миллиард 275 миллион доллар.

Ошондой эле бул тизмени Түркия, Италия, Египет, Иран, Германия сыяктуу өлкөлөр улантат.

Ал эми Кыргыз өлкөсү Global Firepower веб-сайтынын рейтингинде 138 өлкөнүн ичинен 93-катардан орун алган.

Орто Азия өлкөлөрүнүн арасынан эң алдыда Өзбекстан 51-орунда, Казакстан 62, Түркменстан 86, Кыргыз өлкөсү 93, ал эми Тажикстан 99-орунда жайгашкан.

Акыркы күндөрү "Талибан" кыймылы менен куралдуу кагылыштарды жүргүзүп жаткан Ооганстандын армиясы 75-орунда турат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
20.08.2021. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Калкыбыздын баары аскер болсо дагы жогорудагыларга жетпейбиз го чиркин. Армиянын бюджетин которуп, курал-жарактарды кобойтуу керек.
20.08.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аскелердин саны миллион деп туура эмес жазылып калыптыр
20.08.2021. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Индиянын аскерлеринин саны 623миллион 263минби же кандай сабатсыздар
20.08.2021. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстан 90% тоолуу аймак болгондуктан боевой тик учактардын жана бронировка жол тандабастардын санын тез арада көбөйтүп аскердик госпиталдарга кату көңүл буруу зарыл деп эсептейм
20.08.2021. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошондо Россиянын калкынын жарымын аскерлер тузобу?
20.08.2021. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Hooligan,Россиянын калкы 150 миллион
20.08.2021. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар аскерлердин сандары туура эле жазылган менимче
20.08.2021. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын аскерлерин, согуштук танктары жонундо так маалыматты кошуп жаза кетпепсинерда
21.08.2021. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси ката туура эле. Кытай 1,5 миллиард, сша 300 млн болжолду, рос 147 млн эли бар. Алардын миллион салдаты бар. Биринчи Географияны окуп койуш керек жазардан мурда.
talas0707 түзөттү 2021-08-21 08:03:06
21.08.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
talas0707,оа 147млн но кечее 63 млн аскери бар деп жазган болчу
21.08.2021. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
talas0707,Сен ондоп койгондон кийин окуп жатасын.
21.08.2021. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
туура эле, Кытай, Индия деген мамлекеттердин бир жарым млрд эли бар, млн аларга кеп эмес, Жапония, Орусия, Пакистан, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө 100 млндон көп калкы бар
21.08.2021. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Афганстан 75 орунда болсо Кыргызстан 93 орунда болсо Талиптер кыргызстанды онойле алатко
21.08.2021. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы булардын ачык чыгарган куралдары ушул да жашыруун кылган куралдары да көп. Көп эле туура эмес жазылган экен аскерлердин саны жагы да туура эмес түшүнүк Кореяда өзөктүк курал бар. Интернеттен башка булактардан окусаңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: