"Сүйүүдө чектелбеш керек, сүйүүнү чектеген адам жинди" дейт акын Мирлан Самыйкожо
"Сүйүүдө чектелбеш керек, сүйүүнү чектеген адам жинди" дейт белгилүү акын, журналист Мирлан Самыйкожо.
"Чектелүү өмүрдө биз эмнеге чектелебиз? Жаша да, менде ушундай сапат бар. Мен өзүмдү чектегим келбейт. Сүйлөсөң ачык сүйлөп, кыз сүйсөң айтып эле сүйө бер. Сүйүү океан. Эгер сен ошого чалкый алсаң, балкый алсаң, тереңдигине сүзө алсаң. "Махабат маңканы сүйдүрөт" дейт, сүйүүдө чектелбеш керек, сүйүүнү чектеген адам жинди. "Ий ушунун эмнесин сүйүптүр" дейбиз кээде. Көксулууну деле "сулуу эмес экен го" дегендер бар. Аны Жеңижоктун көзү менен караш керек. "Арзышкыла, сүйгүлө, кубангыла. Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла" деп Элмирбек Иманалиев айткандай, сүйүп жашаган жакшы. Сүйө алган адам гана сүйүлүп жашайт", - дейт Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо: "Сүйүүдө чектелбеш керек"
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Мындай эки жуздуу, кошоматчы акын соройду ким бааласа баалай берсин, мен учун мындай саркын, кошоматчылар бир тыйынчалык да баркы жок.....