super.kg logo

"Ундун арасына салып койгон". СИЗО-1ге баңгизат киргизип жаткан жеринен 33 жаштагы киши кармалды

 

Бишкек шаарында баңгизат каражаттарын СИЗО-1ге өткөрүү ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Октябрь райондук милициясына белгисиз жарандар ар кандай баңгизаттарды сактап жана жакынкы күндөрү СИЗО-1ге киргизип берүүнү көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгондор үчүн азык-түлүк өткөрүү жеринен ун салынган баштыктын ичине салмагы 15 грамм болгон гашиш баңги заты киргизилгени жатканда кармалган. Жеринде 33 жаштагы жаран кармалып, тергөө жайына киргизилген.

Ал сурак учурунда түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан тааныштарынын бири белгиленген күнү соттолгондордун бирине тамак-аш алып келип берүүнү суранганын айткан. Анда шектүү Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар менен жолугуп, 4 даана баштык алып келген.

Шектүү жарандын берген көрсөтмөсүнө ылайык, милиция кызматкерлери бул фактыга тиешелүү дагы башка шектүү жарандарды кармаган. Алар 27 жаштагы А.Э., 23 жаштагы А.М. аттуу жарандар. Анын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 23 жаштагы жаран күбө катары сурак берүүдө", - деп билдиришти милициядан.

Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: