super.kg logo

5 жыл мурун Сирияга кеткен. Баткенде эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн контртеррордук иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облусунун 1994-жылы туулган тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кармалган адам 2016-жылы (Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган) "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун бандиттик түзүлүштөрү тарабындагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн Сириядагы куралдуу чыр-чатактар зонасына кеткен.

"Террордук топтун катарына жалдоочуларды тартуу жана андан ары анын айрым мүчөлөрүн Сирия менен Ооганстанга өткөрүп берүү максатында "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Кыргыз өлкөсүнө келген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кармалган жарандын башка кылмышка байланышын аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралардын комплексин улантууда", - деп билдиришти атайын кызматтан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.08.2021. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джихадты колдосоңор бейишке чыгарсыңар деген түрлүү жомокторго ишенгендер ар кайсы диний экстримисттик уюмдарды ээрчип журушот. Жаштардын светтик билим денгеелин которбосо, дин саясий максатка жетүүнүн куралы болуп калды. Калктын караңгы, билимсиз катмарын дин аркылуу колго алып өз максатын иш ашыргандарга бийлик катуу чара колдонуш керек. Жаштарга курулай бейишти айтып, популисттик диний идеяларды колдонуу эн оной болуп жатканын турмуш коргозуп жатат. Элдин сабаттуулугун жоюуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: