super.kg logo

MegaCom’дон акция! ЭКИ АЙГА жете турган чектөөсүз интернет болгону 2 СОМГО

 

Кыргызстандагы мектеп окуучулары жана студенттер үчүн жагымдуу жаңылык! Жаңы окуу жылынын башталышынын алдында MegaCom мобилдик оператору «Өз интернет-түзмөгүңдү алып кел да болгону 2 сомго 2 ай бою чектөөсүз интернетти колдон» акциясынын башталышын кубануу менен маалымдайт.

Эгер сизде интернет-түзмөк бар болсо (Wingle, роутер, модем), анда MegaCom’дун жакын жердеги Сатуу жана тейлөө борборуна алып барып «СуперЧектөөсүз 4G» ыңгайлуу тарифине кошуп, чектөөсүз интернет-трафикке ээ болуңуз.

Акция 2021-жылдын 20-августунан 17-сентябрына чейин компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда аракетте болот («СуперЧектөөсүз 4G» тарифине биринчи кошулган учурда так IMEI-код менен 4G-түзмөгү, ал түзмөктү MegaCom’дун SIM-картасына кошуу керек).


Кошулгандан кийин акциянын алкагында алгачкы 60 күндө тарифти колдонуу болгону 2 сомго жеткиликтүү болот, ал эми 61-күндөн баштап «СуперЧектөөсүз 4 G» тарифинин стандарттагы шарттары жүрөт, анда 30 күн үчүн абоненттик төлөм 800 сомду түзөт.

Акция MegaCom’дун «СуперЧектөөсүз 4G» тарифинин буга чейин эле абоненти болуп келгендерге жүргүзүлбөйт. Баалар бардык салыктарды эске алып көрсөтүлдү. Акция жөнүндө толук маалымат megacom.kg сайтында.

MegaCom’дун ыңгайлуу сунушунан пайдаланыңыз жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен каалаган жерде, каалаган убакта ырахаттаныңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.08.2021. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баары отуш керек колдон келсе, мегаком да жакшы иштеш керек, мамлекетке иштегендерди мажбурлап болсо да откозуш керек.
20.08.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kkkk3259780,биздин айылда жакшы иштебейт.
21.08.2021. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайн, Ошка чет өлкөнун компаниясы.
Мегакомго откуло. Акча Кыргызстанда калсын.
Биз уй булобуз менен мегакомго оттук, кандай иштесе да кайыл болуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: