super.kg logo
  Спорт  

"Токио-2020": Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиада курамасы Токиого учуп кетишти

 

Бүгүн, 20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиада курама командасы Токио шаарында өтө турган XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Япониянын борборуна учуп кетишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов, Хайитхон Хусан кызы, алардын машыктыруучулары Алмазбек Абиров жана Канатбек Имияновдор XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты. Ошондой эле аларды Covid офицер Кундуз Абирова коштоп кетти", - деп жазылат билдирүүдө.

Спортчуларды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Асеин Төрөгелдиев ийгиликтерди каалап узаткан.

Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада оюндары 24-августтан 5-сентябрга чейин Токиодо өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.08.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эки эле катышуучуга 12 адам кеттиби? Комитеттин, федерациянын жетекчилери, экиден орун басарлары менен, президенттик аппараттан спорт комитети бөлүмүнөн эки киши, шаардык спорт комитеттен эки, шаардык спорт федерациясынан эки, ж.б.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: