super.kg logo

Кабул шаарында азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады

 

Ооганстандын борбору Кабулду талибдер басып алгандан кийин бир катар азык-түлүктөрдүн баасы 30 пайызга чейин кымбаттады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар күрүч, буурчак өсүмдүктөрү, кант жана чай кымбаттаганын байкашкан. Саясий оор кырдаалдан улам экспорт менен импорттун көлөмү төмөндөгөн.

Жергиликтүү соода түйүнүнүн ээси товарлардын ар кандай категориялары үчүн баалардын көтөрүлүшү 5 пайыздан 30 пайызга чейин болгонун айткан. Мисалы, мурун Кабулда он литр май 1000 афганиге сатылса, учурда баасы 1300 афгани болуп жатат.

Кабулдагы соодагерлер талибдер келгенден кийин дүкөндөрүн жабык кармашууда. Талибдердин аракеттери чакан ишкерлердин өмүрү менен мүлкү коопсуз бойдон каларынан күмөн саноону жаратууда.

Эскерте кетсек, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
20.08.2021. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талибтер эл аралык уюмдардын финансылык колдоосун таппаса аялдар, жаш балдар ачарчылыктан, жакырчылыктан кырылат. Айбанчалыш талибтер аялдардын башына хиджаб, паранджа менен тумчулаганды токтотуп, аялдардын муктаждыктарын чечип беришпейби биринчи кезекте. Ары жоктор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: