super.kg logo

Испанияга баруу үчүн желим баллон менен жолго чыккан африкалык 40 адам Атлантика океанына чөгүп кетти

 

Түндүк Африкадан Испаниянын түштүк-батышындагы Канар аралдарына баруу үчүн желим баллон менен жолго чыккан 40 мигрант Атлантика океанына чөгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мигранттар Канар аралдарына 250 чакырымдай калганда чөгүп кетишкен. Аталган аралдын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын куткаруучулары океанда болгон окуяны байкап калышып жетип барган. Тилекке каршы, океанга чөккөн 40 адамдын арасынан жалгыз 30 жаштагы аял гана тирүү калган. Кызматкерлер аялды тик учак менен куткарууга жетишип, ооруканага жаткырган.

Эске салсак, акыркы жылдарда Африка өлкөлөрүнөн Европага агылган мигранттардын саны кескин түрдө өсүп жатканы айтылып келет. Испаниянын Канар аралдарына эле ушул жылы 8 миң 222 мыйзамсыз мигрант келгени кабарланган.

Ошондой эле жыл башынан бери мындай сапарларда 230дан ашык адам океанда чөгүп же башка себептер менен каза болгону айтылууда. Бирок жарандык тараптын өкүлдөрү Түндүк Африкадан Европага багыт алган океан жолунда көптөгөн бош кайыктар табылып жатканын айтып, каза тапкандардын саны андан да көп болушу мүмкүн экендигин билдиришүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
21.08.2021. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым сактаа, жашообузга шүгүр кылалы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: