super.kg logo

УКМК: "Сириядагы эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан адам кармалды"

 

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган А.Ж. аттуу Кыргыз жараны кармалды.

"Ал 2015-жылы Сирияга кеткенин жана "Хаят Тахрир аш-Шам" эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. Кармалган жаран чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз өлкөсүнө кирип, террордук аракеттерди жайылтуу жана жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды. Ал сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалады УКМК.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.08.2021. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кандай диний уюмдардын популисттик диний идеялогияларына ишенбоого чакырам. Калп эле шарият мамлекетин курсак, джихадка кошулсаңар ислам идеялогиясын колдосонор бейишке чыгасыңар, аллага кызмат кылган болосунар, бактылуу болсунар, сугарыңар жеңил болот сыяктуу жалган жомоторторду урдура беришет. Ишенбеш керек. Кыйналып жаткан караңгы элдин катмарын популисттик диний идеяларга ишендирип жатышат. Буга тыйуу салыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: