Америкалык ырчы Бритни Спирс үй кызматчысына кол салды деп айыпталууда
Америкалык ырчы Бритни Спирс үй кызматчысына кол салды деп айыпталууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тергөө иштери ырчынын үй кызматчысы полицияга кабарлагандан кийин башталган. Эстрада жылдызы аны уруп, уюлдук телефонун ыргытып жиберген.
Ал эми ырчынын жактоочусу бул иш ойдон чыгарылган деп билдирди. Анын айтымында, үй кызматчысынан эч кандай жаракат табылган эмес. Адвокат таблоиддерди жасалма, жалган маалыматтар менен "тойгузбоону" суранды. Анын пикиринде, ишти тез арада жабуу керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.