super.kg logo

Анжелина Жоли Ооганстандагы абалды баяндап туруу үчүн Инстаграмда атайын баракча ачты

 

Белгилүү Голливуд актрисасы, Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариатынын атайын элчиси Анжелина Жоли Ооганстандагы абал боюнча маалыматтарды айтып туруу үчүн Инстаграм социалдык тармагынан атайын баракча ачты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

"Учурда ооган эли эркин баарлашуу жана социалдык тармактарда өз оюн эркин билдирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп жатат. Ошондуктан мен жөнөкөй адам укугу үчүн күрөшүп жаткан элдин үнүн жана ал жакта болуп жаткан окуяларды бүткүл дүйнөгө жеткирип туруу үчүн Инстаграмга келдим", - деп жазып калтырган актриса.

Ошондой эле ал алгачкы бөлүшүүсү катары аймакта талибдер келгенден кийинки өзгөрүүлөрдү баяндаган ооганстандык өспүрүм кыздын катын жарыялаган.

Катта оогандыктар мурун кадимкидей жашашканы, ал эми талибдер келгенден кийин коркуу менен күн кечирип жатышканы жазылган. Ошондой эле согушкерлерди өзгөрдү деп эсептеген адамдар да бар экенин жазган өспүрүм кыз.

Ал эми Анжелина Жоли ушунча убакыт акча коротуп, адамдардын өлүмүн, ар кандай кан төгүүлөрдү көрүп туруп жогорудагыдай нерсеге ээ болуп калуу ийгиликсиздик экендигин белгилеген.

Эске салсак, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: