АКШ бир жумада Ооганстандан 17 миңден ашык жаранын эвакуациялаганы айтылды
АКШ 14-августтан бери Ооганстандан 17 миңден ашык жаранын өз өлкөсүнө эвакуациялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги өткөргөн брифинг учурунда айтылганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Жо Байден жарандарын Ооганстандан алып кетүү иштери 31-августка чейин аягына чыгарына үмүттөнүп жатканын билдирген.
Ошондой эле "Талибан" кыймылы жарандарды эвакуациялоодо тыгыз кызматташып жатканын кошумчалаган.
Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын да басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






1 |