super.kg logo
  Саясат  

Ош. Эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштерине чогулган эсептеги акча 250 миң сомду түздү

 

Ош шаарындагы Навои көчөсүнө курулуп жаткан эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштерине чогулган каражаттын эсеби бүгүнкү күнгө карата 250 миң сомду түздү. Бул тууралуу экономика, финансы жана ишкердикти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев билдирди. Мындан сырткары көпүрөнүн курулушуна Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан 50 миң сом которулган. Ошондой эле көпүрөнүн курулушуна кош көңүл карабаган Кыргызстандын чет жактардагы жарандарынын сунушу боюнча  рубль, доллар, евро которуу үчүн атайын эсептер ачылды. Эскерте кетсек, көпүрөнүн курулушу үчүн эсеп ачуу демилгеси үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында көпүрөнүн капсула коюу аземинде активдүү жарандар тарабынан колдоого алынган. Эсеп ачуу боюнча токтомго шаар башчысынын милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов кол коюп, тийиштүү кызмат адамдарга эсепке түшүп жаткан каражаттарды көзөмөлдөө жана ал туурасында калкка билдирип туруу тапшырмасы жүктөлгөн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: