super.kg logo

"Урмат-сыйыңды жоготтуң". Хабиб Нурмагомедов Ооганстандагы күйөрмандарынын нааразычылыгына кабылды

 

Белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов ооганстандык күйөрмандары тарабынан катуу сынга кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, күйөрмандардын нааразылыгына 18-августтагы маалымат жыйынында орусиялык мушкердин Ооганстан тууралуу пикирин билдирүүдөн баш тартканы себеп болгон. Анда журналисттер мушкерден Ооганстандагы абал боюнча пикирин сураган. Бирок, Хабиб Нурмагомедов ал жактагы абалга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Көп өтпөй мушкер Инстаграм баракчасына орусиялык автожарыш спортчусу Никита Мазепин менен түшкөн сүрөтүн бөлүшкөн. Ал сүрөттүн астына бир катар оогандык күйөрмандары нааразы пикирлерин калтырышкан.

"Акча адамдарды аябай өзгөртөт, дал сени өзгөрткөндөй".

"Журналистке берген мындай жообуңдан соң урмат-сыйыңды жоготтуң".

"Ооганстандагы күйөрмандарыңды жоготуп алдың. Эми алар үчүн эч ким эмессиң".

"Сиз бүтүндөй бир өлкөнүн көңүлүн калтырдыңыз"

"Хабиб, ар бир ооганстандык сени колдошчу. Бул жакта ушунча көп күйөрманың бар туруп "ал жактагы абалга эч тиешем жок" деп айттың?"

Эске салсак, өткөн жекшембиде талибдер Ооганстандын борбору Кабулга басып кирип, бүтүндөй өлкөгө көзөмөл орнотконун жар салган. Андан бери аталган өлкөдө абал тынчыбай, карапайым эл арасында орун алып жаткан баш аламандыктар өлүм менен коштолгон учурлар катталууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
23.08.2021. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Волейбол боюнча азия чемпионатында Кыргызстан финалда жүрөт, ошол боюнча маалымат чыгарбай, каяктагы бизге тийешеси жок чет өлкөлүк спортчуларды чыгарып жүргөнүңөр өкүндүрөт чындыгында.
23.08.2021. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул Хабибтин Кыргызстанга деле тейшеси жок эмнеле бул Гофаны коколотуп атат Кыргыздар тушунбойм
23.08.2021. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жарга такаган суроо болуптур да. Поддерживаю десе Путин олтурот. Неподдерживаю десе талибтер олтурот.
TIMON_BERKOWITZ түзөттү 2021-08-23 08:15:17
23.08.2021. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авгандар куйормандыкты коюп Мамлекеттин тынчтыгын онугуусун ойлонсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: