Жантөрө Сатыбалдиев Казакстанга барган кыргыздардын каттоого туруу мөөнөтүн 5 күн эмес, 90 күн кылууну сунуштады
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Казакстанга барган кыргыздардын каттоого туруусу үчүн коюлган 5 күндүк мөөнөттү жоюуну жана аны 90 күн деп узартууну Казакстанга сунуштады. Айта кетсек, бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөрү аралык кеңештин 4-жыйыны өтүп жатат. Ага коңшу өлкөнүн премьер-министри Серик Ахметов да катышууда.
“Кыргызстанда казакстандык жарандардын каттоого туруу мөөнөтү 90 күнгө узартылган”,- деди Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

