Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун видеоконференция форматындагы жыйынына катышат
Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына видеоконференция форматында катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна таасири, ошондой эле чек ара аралык чакырык жана коркунучтарга биргелешкен натыйжалуу реакция кылуу талкууланат.
Сессия Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.
Иш-чарага Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась катышары күтүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
emirchik
23.08.2021. 10:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге Афганстан эмес Тажикстан Терористик коркунуч жаратып Жатат Ушул Созду Жапаров Видео Конференциядан бир ооз Айтып койсо жакшы болмок алдын ала
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















