super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан 9 ай ичинде Орусияга 110 миллион долларлык товар экспорттоду

 
Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстан 9 ай ичинде товарды  5 мамлекетке эң көп экспорттогонун билдирди.  Маалыматка ылайык, Орусияга 110 миллион 816 миң долларлык, Казакстанга 287 миллион 257 миң долларлык, Өзбекстанга 121 миллион 682 миң долларлык, Швейцарияга 262 миллион 395,5 миң долларлык жана АКШга 38 миллион 438 миң долларлык товар экспорттогон. 2013-жылдын январь-сентябрь айларында экспорттоо боюнча эң аз Молдовага 154,3 миң долларлык, Японияга 757,5 миң долларлык товар жөнөтүлгөн. Мындан сырткары Кыргызстан башка өлкөлөргө 99 миллион 308 миң долларлык товар экспорттогон. Украина, Молдова, Япония, Нидерланды өлкөлөрүнө экспорт  жогоруласа, Германия, Арменияга экспорттоо төмөндөгөн. Орусияга өткөн жылы 169 миллион 968,6 миң долларлык товар экспорттолгон. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: