super.kg logo

Ооганстандан эвакуацияланган кош бойлуу аял учакта көз жарды

 

Ооганстандык качкын аял АКШнын аскердик учагында көз жарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, учак аба майдандан көтөрүлгөндөн кийин келиндин толгоосу башталган. Ал өзүн жаман сезгендиктен салондо басымды жогорулатуу үчүн учкучка учакты төмөнүрөөк айдоосуна туура келген. Бул аялдын өмүрүн сактап калууга жардам берген.

Учак Германиянын авиабазасына конгондон кийин эне, бала ооруканага жеткирилген. Азыр алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эске салсак, 15-август күнү талибандар Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып алышып, өлкөгө толук көзөмөл орнотушканын жар салган. Экстремисттик уюмдун өлкөнү басып алышы массалык баш аламандыктарды жаратып, жашоочулары мекенин таштап кетүүгө мажбур болушкан.

"Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: