super.kg logo

"Жалаң аялдарды тоногон". Чүйдө бир катар каракчылык фактысына шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда бир катар каракчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук милициясына Кант шаарынын тургундары арыз менен кайрылышкан. Алардын бирөө тагынып жүргөн зер буюмдарын белгисиз жаран күч колдонуу менен жулуп качып кеткенин жазган. Келип түшкөн арыздардын жыйынтыгында Д.Б. аттуу аялга 68 миң 600 сом, К.И. аттуу жаранга 35 миң сом, Р.Д.га 45 миң 200 сом, А.О. аттуу кызга 60 миң сом материалдык чыгым келтиргени аныкталган. Жалпы чыгымдын суммасы 200 миң сомдон ашкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1993-жылы туулган И.К. аттуу жаран кармалып, камакка алынган. Ал сурак учурунда жасаган ишин моюнга алган. Мындан сырткары шектүү каракчылыктын дагы 4 фактысына тиешеси бар экенин айтып берген.

Белгилей кетсек, шектүү бул кылмыштарды караңгыда, ошондой эле күндүз дагы жасаган. Ал көбүнчө аялдарга күч колдонуп, алтын зер буюмдарын жулуп алып, белгисиз тарапка из жашырып жүргөн", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан.

Тергөө иши уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: