super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Италиянын чемпиондугунда “Ромадан” жаңы рекорд

 
31-октябрь күнү "Рома" "Кьево" менен болгон беттеште кезектеги 10-жеңишине кол жеткизди. Учурда "Ромада" бул рекордду узартууга дагы да мүмкүнчүлүк чоң
31-октябрь күнү "Рома" "Кьево" менен болгон беттеште кезектеги 10-жеңишине кол жеткизди. Учурда "Ромада" бул рекордду узартууга дагы да мүмкүнчүлүк чоң

Футбол боюнча Италиянын чемпиондугунда алгачкы 10 турда бардык беттеште жеңишке жетип, 30 упай топтогон римдик “Рома” жаңы рекорд жаратты. Буга чейин рекорддук көрсөткүч 2005-2006-жылы алгачкы 9 беттеште жеңген туриндик “Ювентуска” таандык болгон. Бирок ал сезон жыйынтыкталгандан кийин 1-орунду ээлеген “Ювентус” атайын уюшулган оюндарга шектелип, чемпиондук наамы 2-орунду ээлеген “Интерге” өткөрүлүп берилген. Анда мурдагы рекорд болсо 1985-1986-жылы алгачкы 8 беттеште жеңген ошол эле “Ювентуска” таандык болгон. Быйылкы сезон “Рома” үчүн болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү башталды. Ал эми Европада алдынкы делген чемпиондуктардагы алгачкы беттештеги рекорддор төмөндө:

Англия. 1961-1962-жылы “Тоттенхем” алгачкы 11 беттеште жеңген.

Испания. 1968-1969-жылы “Реал” 9 беттеште жеңген.

Германия. 2012-2013-жылы “Бавария” 8 беттеште жеңген.

Франция. 1936-1937-жылы “Лилль” 8 беттеште жеңген.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: