super.kg logo

Диетолог мөмө-жемиштерди ашыкча колдонуунун коркунучу тууралуу айтып берди

 

Америкалык диетолог Кейт Паттон мөмө-жемиштерди ашыкча колдонуунун ден соолукка тийгизген коркунучу тууралуу айтып берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мөмө-жемиштерди ашыкча колдонуу семирүү жана диабетке алып келет.

"Мөмө-жемиштерде кант көп болгондуктан, аны ашыкча колдонуу кадимки кантты колдонуу менен барабар. Бул ашыкча салмактуулукка жана көптөгөн оорулардын келип чыгышына алып келет. Мисалы, алардын ичинен эң көп тараганы диабет", - дейт Кейт Паттон.

Ошондой эле бөйрөк жана уйку бези оорулары бар адамдар мөмө-жемиштерди колдонууда этият болушун кошумчалаган.

Мындан тышкары Паттон ашыкча жемиш жеген адамдардын башка тамак-аштардан чектелип каларын жана көбү В12, Д витаминдеринин, кальцийдин, йоддун жана каныкпаган омега-3 май кислоталарынын жетишсиздигинен жабыркашарын баса белгилеген. Организмде бул элементтердин жоктугу аз кандуулукка, иммунитеттин начарлашына жана булчуң массасынын жоголушуна алып келет. Диетолог жемиштерди диетанын бир бөлүгү катары колдонгондо гана пайдалуу болорун эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.08.2021. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне жешинди да билбейсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: