Ош. Шаарда маршруттук таксилер кышка карата даярдыктан өтүүдө
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги маршруттук каттамдардын кышкы абалын текшерүү боюнча рейдге чыкты. Рейддин жүрүшүндө маршруттук таксилердин дөңгөлөктөрүнүн, терезелеринин жана арткы эшиктеринин сапатын текшеришти. "Бүгүн 102 жана 109-маршруттук каттамдарды текшерип бүттүк, кышка даяр эмес экен, маршруттук каттамдардын ээлерине эскертүүлөр берилди. Мындан сырткары маршруттук таксилердин чатырынан суу өтпөйбү, жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту жаратпайбы, ушулар да текшерүүнүн жүрүшүндө эске алынды",- дейт агенттиктин адиси Нургазы Каримов. Рейд 2-ноябрда да улантылат.
Автор: Элира Чынтемир кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

