super.kg logo

Ооганстандын мурунку министри Сайед Ахмад Шат Саадат Германияда курьер болуп иштеп калды

 

Ооганстандын мурдагы байланыш жана маалыматтык технологиялар министри Сайед Ахмад Шат Саадат Германиянын Лейпциг шаарында курьер болуп иштеп баштаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мурдагы ооган министри «Lieferando» жеткирүү кызматында пиццаны велосипед менен жеткирип, иштей баштаган.

Белгилей кетсек, Сайед Ахмад Шат Саадат 2018-жылдан бери Ооганстандын министрлер кабинетинин мүчөсү жана айыл калкы үчүн мобилдик түйүндү кеңейтүүнүн жооптуу өкүлү болуп иштеген. 2020-жылы Саадат өкмөттүн талибдер менен күрөшүү стратегиясында ал жетектеген мекемеге каржы бөлүнбөгөнүн билдирип, андан соң Ганинин өкмөтү аны кызматтан кетүүгө мажбурлаган. Натыйжада экс-министр Германияга көчүп кеткен.

Эске салсак, 15-августта талиб согушкерлери Кабулга кирип, Ооганстанда согуштун аяктаганын жарыялашкан. Ошол эле күнү президент Ашраф Гани кызматын таштап, өлкөдөн чыгып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.08.2021. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Олуп аласынбы анан. Башка тушсо иштейт да. Нормально эле го
23.08.2021. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
8 күндө башка өлкөгө барып, ишке кирип алса кыйын экен.)
23.08.2021. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Eka.kg, 8 кун мурда кочуп кеткен эмес. 2020 жумуштан кеткенден кийин, кочуп кеткен -деп туратго. Болгону мурдагы министр экен эле....
24.08.2021. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исламчыл Талибтер келгени Оогандардын бир мууну оздорунун кыялдарын көмүштү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: