Чүйдө үрөй учурган кырсык катталып, 9 адам окуя болгон жерде каза болду



Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында, тактап айтканда Суусамыр өрөөнүндө Honda Stepwgn менен Volvo үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен жеринде 9 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 6 аял, 2 эркек жана 1 жаш бала каза болуп, 1 эркек киши жабыркаган. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда.
Жерине ӨКМнын КДМБнын 154-чакырымында нөөмөттө турган 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамга "Тез жардам" кызматы тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-3

Степ канча кыргыздын башын жеди.
Ушул степ айдагандарды бир аз тизгиндеш керек туугандар. Өтү куюлуп айдайт да каршы тилкеге чыгып.
Шашып кайда барат?Карап корсон ошолор менен мен правиланы бузбай 5 минут кеч жеттим.Бензин эконом кылабыз дешеби же шашабы билбейм.Бир калыпта айдасан гана бензин эконом болот.