Жалал-Абад облусунда 9 ай ичинде жол кырсыгынан 19 өспүрүм каза тапты
Жалал-Абад облусунда 2013-жылы 9
ай ичинде 476 жол-транспорт кырсыгы
катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 20,2 пайызга өскөн. Бул тууралуу
31-октябрда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө 9 айдын жыйынтыгы
боюнча өткөн жыйында маалым болду. Жол кырсыктарынан 138 жаран каза болуп, 773
адам жаракат алган. Жаш өспүрүмдөр катталган кырсыктын
саны - 134, анын ичинде 19 өспүрүм каза тапкан. Өспүрүмдөр арасында жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны - 141. Жол-транспорт
кырсыктары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында - 32,
Сузак районунда - 30, Токтогулда - 11, Ала-Букада - 9, Таш-Көмүр шаарында - 6,
Кара-Көлдө - 5, Базар-Коргон районунда 4 кырсыкка өскөн.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

