super.kg logo

"Жабыркагандар, милицияга кайрылгыла". Ири алдамчылыкка шектелип Түрк жараны кармалды

 

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 21-июль күнү Биринчи Май РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда "Фыртына Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору 2019-жылдын 2-октябрында 5 кабаттуу үй куруп берем деп арыз ээсинен 18 миң 500 долларын алып, анын 14 миң 300 долларын кайтарып бере электигин жазган. Ал эми көп кабаттуу үйдүн курулушу токтоп калганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал 1986-жылы туулган К.М. аттуу Түрк жараны болуп чыккан, ал кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүүгө карата алдамчылык боюнча дагы башка ушул сыяктуу фактылар бар. Милиция сүрөттөгү шектүүнүн кылмыштуу аракетинен жабыркаган жарандарды кайрылууга чакырат. Байланыш телефондор: 0(555) 22-55-99, 0 (702) 02-01-94





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
24.08.2021. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!Эч кимге ишенип болбой калды!
24.08.2021. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!
24.08.2021. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шектууну таануу учун жузун толук корсотуп, аты-жонун толук жазуу керек да......

Бул кайсы турк, аты-жону ким, корунушу жузу кандай, ошону билиш керекпи андан жабыркагандар таануу учун........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: