Хабиб Нурмагомедов ооган элинен кечирим сурады
UFC уюмунун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Ооганстандагы кырдаал тууралуу айткан сөзүнө таарынган ооган элинен кечирим сурады. Бул тууралуу мушкер Москвада берген маалымат жыйынында айткан.
"Мен жөн гана саясатка аралашкым келген эмес. Чындыгында күйөрмандарымдан бул билдирүүгө катуу реакция алдым. Мен жообумду кайра карап чыктым, ал жерде менден миңдеген чакырым алыстыктагы кырдаал мага тиешеси жок экенин билдиргем. Менин ооган эли менен абдан жакын мамилем бар. Менин Ооганстанда досторум көп, ал жактан келген жакын адамдарым бар. Бул суроого жооп берип жатып, мен саясий кырдаал боюнча комментарий бергим келбей турганын айткым келген. Мен аларды таарынтып алсам, алар мени кечирет деп үмүттөнөм. Мен алардан кечирим суроодон уялбайм, анткени ар бир адам ката кетириши мүмкүн", - деген Нурмагомедов.
18-августта өткөн маалымат жыйында Хабиб Нурмагомедовдон журналисттер Ооганстандагы абал боюнча пикирин сураган. Бирок Хабиб Нурмагомедов ал жактагы абалга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Бул билдирүү көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.



1 |