super.kg logo

"7 алтын". Кол күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз курамасы 28 медаль утту

 

Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан кол күрөш боюнча XIX Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнөн барган 52 спортчунун 28и байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чара башталгандан бери 7 спортчубуз алтын медаль жеңүүгө жетишкен. Алар:

1. Айжан Анарбекова (80 кг)

2. Шахзода Юнусова (50 кг)

3. Болот Азамат уулу (55 кг)

4. Толкунбек Исаков (90 кг)

5. Медер Тыныстанов (70 кг)

6. Чолпонбай Жаркулов (85 кг)

7. Токтогул Дондоев (90 кг)

Ошондой эле мелдеште 9 спортчу күмүш медалга ээ болгон.

1. Жибек Каратаева (50 кг)

2. Мөлмөл Акимкожо кызы (50 кг)

3. Арген Абдыкадыров (55 кг)

4. Нуртилек Касым уулу (50 кг)

5. Кудрятжан Имиров (100 кг)

6. Евгений Нурматов (100 кг)

7. Улан Дербишев (80 кг)

8. Жаныбек Абдыкадыров (55 кг)

9. Арген Абдыкадыров (55 кг)

Ал эми 12 спортчубуз коло байгени камсыздаган.

1. Кеңешов Эрбол (70 кг жаштар)

2. Асхат уулу Откур (55 кг жаштар)

3. Бабамурад уулу Махмуд (50 кг юниор)

4. Өскөнбаев Сыймык (55 кг юниор)

5. Бахтиер уулу Табылды (60 кг жаштар )

6. Абдыразакова Айгерим (+80 кг юниор)

7. Аскарбеков Чыңгыз (50 кг сабюниор)

8. Кочкоров Нураалы (60 кг сабюниор)

9. Нурланбек уулу Шумкарбек (65 кг юниор)

10. Элбек уулу Мейрам (60 кг юниор)

11. Абдыбек уулу Руслан (+100 кг)

12. Улукбек уулу Дастан (70 кг жаштар)

Эске салсак, кол күрөш спорту боюнча XIX Азия чемпиондугу 18-август күнү башталган. Спорттук саамалыкка Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Индия, Япония, Корея жана Кыргыз өлкөсүнөн бардыгы болуп 500дөн ашык спортчу катышууда. Оюндар эртең, 25-августта жыйынтыкталат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(2)
24.08.2021. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтар
25.08.2021. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: