super.kg logo

Коронавирус менен оорубаш үчүн эки жол бар. Алар кандай жол?

 

Акыркы айда коронавирус илдети менен ооругандардын саны азайды. Бул тууралуу Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов брифинг учурунда билдирди.

"Акыркы айда илдет жуктуруп алган адамдардын саны азайды. Бул элдин вируска карата түшүнүү менен кылган мамилеси десек болот. Ошого карабай санитардык нормаларды сактоо абзел. Анткени бул жаңы вирус али изилденип бүтө элек.

Учурда дүйнө жүзүндөгү калктын 70 пайызында илдетке каршы иммунитет пайда боло элек.

Коронавирус менен оорубай коюунун эки түрү бар. Биринчиси коронавирус менен ооругандарда иммунитет пайда болот. Ал эми экинчиси вакцина алуу менен антителолордун иштелип чыгуусу. Ошондуктан вакцина алууга чакырып кетем", - деди Нурматов.

Өлкөдө 641 миң 102 адам коронавируска каршы вакцинанын 1-дозасын алды. Ал эми 2-доза менен 369 миң 364 эмдөөдөн өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.08.2021. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири Кубаакы аркылуу кеткен жол, экинчиси Балыкчы аркылуу кеткен жол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: