Айпери Медет кызы: "Олимпиадада жарым финалда ката кетиргенимди моюнума алам"
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында 5-орунга ээ болгон кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Олимпиаданын жарым финалдык беттешинде ката кетирген. Бул тууралуу балбан кыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен килемде ката кетирдим, аны моюнума алам жана катаны оңдоо үчүн бардыгын жасайм. Жакында көрүшөбүз", - деп жазды Медет кызы.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында Айпери Медет кызы жарым финалга чейин жетип, анда америкалык балбанга 3:2 эсебинде жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.