Ош. 2013-жылдын 10 айында шаардык жетекчилик 2653 жаранды кабыл алган
Ош мэриясынын документтөөнү камсыз кылуу жана текшерүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча Оштун мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жана вице-мэрлер үстүбүздөгү жылдын 10 айында 2653 шаардык жаранды кабыл алышкан. Жетекчиликке кайрылган шаардыктардын көйгөйлөрүнүн негизин турак жай, жер тилкеси жана коммуналдык, транспорттук мүнөздөгү кайрылуулар түзөт. Жыл башынан бери турак жай маселеси боюнча 694, жер тилке маселеси боюнча 557, коммуналдык жана транспорттук мүнөздөгү даттануулар 532ни түзгөн. Ошондой эле жумушка орношуу боюнча 6, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын алмаштыруу боюнча 46, материалдык жардам көрсөтүү боюнча 78, өздүк иштери боюнча 44 жана зыян тарткандыгы тууралуу 22 жаран арыз менен кайрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

