super.kg logo

БУУ: "Талибдер" карапайым жарандарды өлүм жазасына, ал эми жаш балдарды аскерге тартышууда"

 

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин атайын сессиясында анын агенттигине талибдердин согушкерлери карапайым жарандарды өлүм жазасына жана жаш балдарды аскерге тартканы тууралуу ишенимдүү кабарлар келгенин айткан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, талибдер карапайым жарандарды сотсуз өлүм жазасына, ал эми жаш балдарды аскерге тартып, аялдардын укуктарын чектөөдө.

"Биз жарандардын жана Ооганстандын улуттук коопсуздук күчтөрүнүн мурдагы кызматкерлеринин сотсуз өлүм жазасына тартылышы, аялдардын укуктарынын чектелиши, анын ичинде эркин жүрүү жана кыздардын мектепке баруу укуктары жөнүндө сөз кылабыз. Балдар аскерлерге тартылып, нааразычылык акциялары басылып жатат", - деген Мишел Бачелет.

Мындан тышкары, ал аялдардын, этникалык жана диний азчылыктардын укуктарын урматтоого милдеттенишкенин айтып, бул убадаларын аткарууга чакырган.

Эске салсак, буга чейин талибдердин өкүлү Забихулла Муджахид маалымат жыйынын өткөрүп, алардын бийлиги астында Ооганстанда жашоо тартиби кандай болорун айткан. Ал шарият мыйзамы киргизилгенин жарыялап, аялдарга окууга жана иштөөгө уруксат берилет деп ишендирген. Ошондой эле Ооганстанды баңгизатсыз өлкөгө айландырууга убада берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.08.2021. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талибтер келгени аялдардын жаркын жашоого болгон үмүтү өчтү. Бети баштары хиджабка оролуп, чүмкөнгөн аялдардын тагдыры оор бойдон калат. Анткени Аялдардын муктаждыктары бети-башты хиджабка тумчулоо менен чечилбейт. Оору, жакырчылык, жетишсиздик, билимсиздик, жокчулук аялдар арасында өмүр бою калат. Себеби укук, эркиндигинен ажыраган, билимсиз, караңгы аялдар ушундай эле тагдырлар менен жашайт.
25.08.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир дагы аял диний негизде коомдук, маданий кысымдын, басымдын алдында калбашы керек. Буга жол берилбесин. Бул сыяктуу диний үгүттөрдгө да тыйуу салыныш керек. Болбосо азыр талибтердин аялдарга болгон мамилесин көрүп алып, биздеги кээ бир динчилдер шерденип, кубаттап жатышат. Бул жеткен айбандык. Бийлик диний уюмдарды катуу көзөмөлгө алып, элдин светтик дүйнө таанымын көтөрүү керек.
ayzhan12 түзөттү 2021-08-25 12:22:11
25.08.2021. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына дуйно эли ишееген БУУнун созу. Ушундай эки жуздуулорду олтуруу керек биринчи
25.08.2021. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооганстанда дагы коррупция өтө гүлдөгөн дешет. Коррупциялашкан өлкөнүн тагдыры акыры барып ушундай болот. Биз дагы азыртадан ойлонбостон келечегибиз өтө кооптуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: