super.kg logo

Бишкекте шаар тургуну чала тааныш адамына 720 миң сом акчасын алдатты

 

Бишкек шаарында унаа менен алдамчылык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 12-август күнү Ленин РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 9-июль күнү С. аттуу чала тааныш адам, арыз ээсинин ишенимине кирип Ош облусунан эки унаа алып келип берем деп 720 миң сом өлчөмүндө акчасын алып, качып кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмыш ишине шектелип, 35 жаштагы Т.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кийин Ленин райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап аны СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү чечим кабыл алган. Учурда иликтөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.08.2021. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи товар, анан акча дегенге качан уйронобуз.. Чала тааныш эмес жакшы таанышына деле 720 мин сомду бериш кыйын бул заманда!
25.08.2021. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала танышка 750сом бериш учун да ойлоносун да кичине
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: