Иттер ымыркайдын колу менен башын чайнап салган делген Аксыдагы окуя. Баланын энеси табыла элек
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылганы тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын атын атагысы келбеген тургуну билдирген эле.
Окуя ушул жылдын март айында болгон, андан бери алты айга жакын убакыт өттү. Бүгүн, 25-августка карата ымыркайды таштаган эне табыла элек. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
10-март күнү Аксы РИИБине Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынан эч ким жашабаган үйдүн короосунан ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы кабарлаган.
Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгып кароо жүргүзгөндө эркек ымыркайдын жансыз денеси жылаңач, бети жана колдору жарым-жартылай тытылган абалда табылган. Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
кошулду


Бирок ушул баланын атасы жүрөт эч нерседен кабатыр болбой. Биз эркектер өзүбүз бузулдук. Анан кыздарыбызды бузуп, жардамга муктаж учурда таштап кетип, айласыздан ушундай кадамга барууга түртүп жатабыз.