super.kg logo

"Сен бизди таштап кеткениңе бир жыл болду". Гүлшайыр Садыбакасова маркум уулу Эркин Садыбакасовду эскерди

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркин Садыбакасовдун каза болгонуна 25-августта бир жыл болгонун социалдык тармактагы баракчасына эскерип жазды.

"25-август, 2020-жыл. Өмүрүмө бүлүк салып, өзөгүмө өрттү жагып, көөдөнүмө күйүт чачып, жашоомо кайгы-мүң салган каргашалуу күн. 25-август. Жүрөгүм канга, жүлүнүм муңга толуп, сай-сөөгүм сыздап, кара жерди муштап, кан жутуп баламдан айрылган каргашалуу күн. 25-август көз жашым дайра болуп агылып, көкүрөгүм кетменделип чабылып, корообуз өкүрүк менен айкырыкка толуп, каралдымдан, Эркинтайымдан айрылган күн.

25-август... Экошум, сен бизди таштап кеткениңе бүгүн толук бир жыл болду. Жакындарың, баарыбыз чогулуп, сени эстеп, сени сагынып, сенин кыял-жоругуңду эскерип, эң жакшы бала болгонуңа ынанып, ыраазы болуп отурабыз. Эколям, сага багыштап окуган дубаларыбыз, кураныбыз сенин мамыгың болсун. Рухуңа ар дайым көлөкөсүн чачып турган чынар болсун. Кабырыңды нурлантып турган нурай болсун. Аллахым сага бейиштен орун берип, сахабалардын перзенттеринин катарында ойноп-күлүп жүрүшүңдү насип кылсын. Сен биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайсың алтын балам", - деп эскерди Гүлшайыр Садыбакасова.

Эске салсак, өткөн жылы Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 18 жашында мезгилсиз дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
26.08.2021. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Энени баладан ажыратпасын аллахым. Жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: