super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Улуттук филармонияда мыкты маданият кызматкерлерине сыйлыктар ыйгарылды

 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек  шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чарага Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, вице-спикер Бөдөш Мамырова, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев жана башкалар катышты. Алгач Султан Раев  маданият кызматкерлерин куттуктап, андан соң бир катар сыйлыктарды тапшырды. А.Малдыбаев атындагы сыйлыкка А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын солисти Эльнура Самарбекова татыды.  М.Рыскулов атындагы сыйлыкты Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын артисти Эгемберди Бекболиев алса, консерваториянын окутуучусу Бакыт Алишеровго Р.Абдыкадыров атындагы сыйлык  ыйгарылды. Ал эми Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Базарбек Сыдыков Г.Айтиев атындагы сыйлыктын ээси  болду. Эң акырында Ж.Абдыкадыров атындагы сыйлык Ысык-Көлдөгү К.Жантөшов атындагы Кыргыз драма театрынын режиссёру Давлет Нургазиевге берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: