Кыргызстандык спортчулар дзюдо боюнча клубдук мелдешке катышат
Кыргызстандык спортчулар бүгүн, 1-ноябрь күнү Казакстанда башталган дзюдо боюнча клубдук мелдешке катышат. Бул тууралуу КРнын Дзюдо федерациясы билдирет. Мелдеш Астана шаарындагы “Даулет” спорт комплексинде өтүп, ага Украина, Казакстан, Орусия, Латвия жана Кыргызстандан дзюдо клубдар катышат. Жеңүүчү 7 салмак даража боюнча командалык эсепте аныкталат. Кыргызстандык клубдун курамына Арген Бактыбек уулу, Эдил Беккулов, Бектур Рысмамбетов, Алимбек Жусупов, Чоро Турганбек уулу, Болот Токтогонов жана Руслан Балан аттуу дзюдочулар кирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.