super.kg logo
  Саясат  

Марат Султанов, депутат: “Кыргызстан парламентаризм боюнча Орто Азияда мактана тургандай кадам жасады”

 

“Кыргызстан парламентаризмдин өнүгүшү жагынан Орто Азияда мактана аларлык кадамдарды жасай алды. Элдин көйгөйлөрүн парламент трибунасына алып чыгып, ачык талкуу уюштуруу жагынан мыйзам чыгаруу органынын таасири чоң”,- деди ЖКнын депутаты Марат Султанов 1-ноябрда “Парламент” радиосундагы маегинде.

Депутаттарга берилүүчү артыкчылыктар тууралуу сөз кылганда депутат: “Ар бир шайланып келген эл өкүлү ырасында элдин мүдөөсүн чечем деген ниет менен кызматка келип жаткан болсо, өз талабынан дагы элдин талабын жогору коюшу керек. Автоунаа, турак жай сурагандын ордуна ошол каражатты элдин муктаждыгына жумшоо аракетин көрүшү зарыл. Бул боюнча тиешелүү мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталса жакшы болмок”,- дейт.

Султанов депутаттык мандатын пайдаланып, кызматтык автоунаа, турак жай албаганын, Жогорку Кеңештин эсебинен чет элдик иш сапарларга чыкпаганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: