super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев Бажы кызматы үчүн курулган окуу борборунун ачылыш аземине катышты

 
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 1-ноябрда Кыргызстандын Бажы кызматы үчүн курулган жаңы окуу имараттын жана тажрыйба өтүүчү “Өткөрмө пункту” окуу аянтынын ачылуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Тайырбек Сарпашев окуу борбору бажы кызматы үчүн дүйнөдөгү бажы кызматтарынын ишинде колдонулуучу алдынкы технологиялар менен таанышуу менен кесиптик чеберчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк бере турган аянтча болот деп белгиледи. Жаңы борбордо 2013-2014-жылдары Кыргызстан менен Ооганстандын 360 бажы кызматкери үчүн атайын окуулар өткөрүлүүсү пландалууда. Окуу-семинарлардын тематикасы баңгизаттарын табууга, жүк ташуучу контейнер жана трейлерлерди текшерүүдөгү жана тобокелдиктерди баалоодогу ыкмаларга, документтерди текшерүү усулуна, ошондой эле бажы өткөргүчүн колдонуу техникасына жана алынган көрсөтмө маалыматты анализдөөгө арналмакчы. Окуу борбору Бишкек шаарындагы ОБСЕнин долбоорунун Кыргызстан менен Ооганстандын өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүүгө багытталган  «Кыргызстан жана Ооганстан Бажы кызматтарынын дараметин жогорулатуу» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ачылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: