super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери өкмөттөр аралык кеңешинин IV жыйынынын протоколуна кол коюшту

 
Эки мамлекеттин каржы министрлери меморандумга кол коюшууда
Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын каржы министрлери
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Серик Ахметов өкмөттөр аралык Кеңешинин IV жыйынынын протоколуна кол коюшту
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын премьер-министри Серик Ахметов өкмөттөр аралык Кеңешинин IV жыйынынын протоколуна кол коюшту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов  1-ноябрда өкмөттөр аралык кеңешинин IV отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюшту. Отурумда  “Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көптөгөн маселелерди чечип алдык, экономиканын ар кыл тармактарында биздин кызматташтыктын мейкиндигин белгиледик”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев. Өз кезегинде Серик Ахметов өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы эки мамлекеттин соода-экономикалык жактан өнүгүүсүнө импульс берерин белгиледи. “Казакстан - Кыргызстандын экономикасынын ири инвестору. Бизде жетиштүү жакшы потенциал бар. 2012-жылдагы биргелешкен сооданын көлөмү 1 миллиард долларга жетти. Эки өлкөнүн мамлекеттик органдары жана бизнес чөйрөсүнүн аракети менен 2013-жыл дагы жемиштүү болот деп эсептейм”,- деди Казакстандын премьер-министри. Мындан сырткары өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча эки мамлекеттин каржы министрлери меморандумга кол коюшту.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: