super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын камактагы мурдагы башчысы Дашковдун жеке клиникада ээн-эркин жүргөн видеосу тарады

 

Социалдык тармактарда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашковдун жеке клиникалардын биринде сейилдеп жүргөн видеосу тарады.

Видеону Санжар Калматай аттуу колдонуучу жарыялаган. Анда Дашковдун отургучта отурганын көрүүгө болот. Ал эми СИЗОнун кызматкерлери эмне себептен соттолгон адам колунда кишени жок эркин сейилдеп жүрөт деген суроого жооп бере алышкан эмес.

Эске салсак, Дашков ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан менчик клиникага которулган.

9-июнда УКМК Дашковдун кармалганын маалымдаган. Ал "Кыргыз темир жолу" ишканасын башкарып турганда миллиард сомдон ашуун акчаны жеке компанияга мыйзамсыз которгону аныкталган. Анын мамлекетке келтирген зыяны 1 миллиард 500 миллион сомго бааланган.

Василий Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.






"Кыргыз темир жолу" ишканасынын камактагы мурдагы башчысы Дашковдун жеке клиникада жүргөн видеосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.08.2021. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акчаң болсо калтаңда, каалаганча талтаңдаа деген биздикилер.
27.08.2021. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиевдин шоусу да
27.08.2021. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанына дагы жарым жыланач кызды кошуп алыптыр го
27.08.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанында Айжан жүрөт го,чачын жайып,жарым жылаңач
27.08.2021. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Орус улутундагы соттолгон улгайган адамдын жанында жапжаш кыргыз кызы жүрөт.Акча эмнени гана кылдырбайт ээ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: