super.kg logo

Бишкекте "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу этностор аралык "Достук" фестивалы өттү

 

Бүгүн, 27-август күнү Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы эски аянтта "Кыргызстан - менин мекеним" аттуу этностор аралык "Достук" фестивалы болуп өттү.

Фестивалга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, маданият министрлигинин этностор аралык башкармалыгынын башчысы Искендер Эшимбеков жана маданият өкүлдөрү катышты.

Иш-чара алгач "Манас" айтуу менен башталып, ыр-күүлөр менен коштолду. Ага улай эле ар улуттун өкүлдөрү өз таланттарын тартуулашты.

“Кемеге түшкөндүн тагдыры бир дейт. Кыргыз өлкөсү көп улуттун мекени болуп калды. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы - эң чоң маараке. Анын маанисин ар бир кыргыз билип, туюшу керек. Мындай иш-чаралардын көптүгү улуттар аралык ынтымакты бекемдейт”, - дейт Кайрат Иманалиев.

Кыргыз мамлекетиндеги ар улуттун өкүлдөрү фестивалга өздөрүнүн маданиятын чагылдырган улуттук буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Мындан тышкары чакан жарманке уюштурулду.

Чүй облусунун бардык райондорунан келгендер боз үй тигишип, фестивалды көркүнө чыгарышты.

Кыргыз жергесинде көп таланттар бар экенин бүгүн көрүп отурам. Өлкөбүз бекеринен жалпыбыздын үйүбүз деп айтылбаса керек. Бул сөзгө дагы бир жолу ынандым”, - дейт ырчы Үмүтай Абдышова.

Ошондой эле фестивалга атайын алыскы Баткен жергесинен келген “Кыргызстан айымдар” коомдук бирикмесинин жетекчисимин деп тааныштырган Гүлнара Койчубекова катышты. “Биз бул фестивалга 15 күндөй даярдандык. Нукура, өзүбүздүн колубуздан жасалган шырдактарыбызды алып келдик. Мындай иш-чаралар дагы өнүгүп, уланышын каалайбыз”, - деди ал.

Ал эми этностор аралык башкармалыктын башчысы Искендер Эшимбеков:

"Буга чейин мындай фестивалдар болуп турчу. Бирок бүгүнкүдөй чоң масштабда эмес. Иш-чара ар этностун өкүлдөрү бири-бири менен аралашып, интеграция болгонго чоң өбөлгө түзөт. Мындан кийин ушундай иш-чараларды токтотпостон, жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында "Жаштар форумун" өткөрөбүз", - деп билдирди.

Эске салсак, бул фестиваль улуттар аралык ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлүп келет.






Бишкекте этностор аралык "Достук" фестивалы болуп өттү

Эгемендүүлүктүн 30жылдыгына карата ар улуттун өкүлдөрү өз тилдеринде куттуктоо айтышты

Бир нече улуттун жарандары кыргыз элин Эгемендүулүк күнү менен куттуктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: