super.kg logo

Түштүк Корея Ооган качкындарын белектер менен тосуп алды

 

Түштүк Кореяда Ооганстандан келген качкындарды белектер менен тосуп алышып, өлкөдө иштөөгө уруксат беришти. Алардын качкындарга жасаган мындай жылуу мамилеси социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулар ыраазы болгон пикирлерди калтырышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкөдө жашаган Рафаэль Рашид аттуу журналист качкындарды тосуп алуу учурундагы сүрөттөрдү Твиттер баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

Журналисттин айтымында, кореялыктар Ооган качкындарын оюнчук мамалактар жана башка түрдүү белектер менен кубанычтуу тосуп алышкан. Ошондой эле "Кореяга кош келиңиздер. Биз силерди жакшы көрөбүз" деп англис жана корей тилдеринде жазылган баннерлерди да даярдашкан.

Андан тышкары өлкөнүн юстиция министри качкындарга узак мөөнөттүү виза берүү чечимин кабыл алганын жана өлкөдө иштөөгө уруксат бергенин да кошумчалаган Рафаэль Рашид.

Ал эми социалдык тармактардын колдонуучулары "дүйнөдө баш аламандыктар болуп турган убакта мындай жаңылыкты угуу кандай сонун" дешип, кореялыктардын мамилесин мактоого алышууда.

"Азамат Корея! Мына сага, жакырчылыкка дуушар болгон элди куткарып алуунун жолу".

"Бул кореялыктар үчүн абдан жагымдуу жана татыктуу нерсе".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
28.08.2021. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек Корея.
28.08.2021. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Каапырлар дегендер жокко.
28.08.2021. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки айдан кийин депортацияга даярдасанар болду
28.08.2021. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер корейлер бул оогандарды билбейсиңер кандай калк экенин, эртең бир канча убактан кийин билесиңер оогандардын кандай жүзү жок экенин убагында биздикилер да кучак жайып тосуп алганбыз эми мынтип пикет митинг жасап атышат го ошондо аа дейсиңер
28.08.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң сонун.
29.08.2021. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми афгандар ал жерде курсагы тойгондон кийин, корейлердин диний ишенимине сын айтышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: