super.kg logo

"Коркуп айта албай жүргөн". Чүйдө өгөй ата 16 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды

 

Чүй облусунда өгөй атасы 16 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Чүй ОИИББине 19-август күнү 1966-жылы туулган Н.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Чүй айылында жашаган эркек киши 2017-жылдан бери 2005-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөнүн билдирген.

Маалыматка ылайык, бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Сотко чейинки өндүрүштө өспүрүм кыз мыйзамдуу өкүлү менен биргеликте суракка алынып, анда ал өгөй атасы 2017-жылдан бери зордуктап жана сексуалдык ыдык көрсөтүп жүргөнүн айтып берген. Ошондой эле өгөй атасынан коркуп, бул окуяны эч кимге айта албай жүргөнүн билдирген. Ал акыркы жолу ушул жылдын 19-август күнү саат 07:00 чамасында өгөй атасы зордуктаганын айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 1975-жылы туулган Х.Х. аттуу жаран кармалып, суракка алынган соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми кыз кайра өзү жашаган үйгө баргысы келбей турганын айткан, мындан улам ал социалдык кызматкерлердин колуна өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
28.08.2021. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү керек. Ошондо кысчу жерлерин кысат. Анан коррупционерлерге да. Ошондо оңолобуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: