super.kg logo
  Спорт  

Жаңылык! Белгилүү футболчу Криштиану Роналду кайрадан "Манчестер Юнайтед" клубуна кошулду

 

Белгилүү футбол жылдызы Криштиану Роналду кайрадан "Манчестер Юнайтед" клубуна кайтып келет. Аталган клуб 36 жаштагы португалиялык футболчуну өткөрүп алуу боюнча "Ювентус" клубу менен болгон макулдашуунун ийгиликтүү аяктаганын расмий сайтына жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, футболчу англиялык клуб менен жеке келишимдерин аяктап, медициналык кароодон өткөн соң, аталган трансфер тууралуу расмий билдирүү жарыяланат.

Буга чейин белгилүү футбол жылдызына англиялык "Манчестер Сити" жана француз лигасынан "ПСЖ" клубдары кызыкдар болуп жатканы айтылган.

Эске салсак, Криштиану Роналду "Кызыл шайтандардын" ("Манчестер Юнайтед" клубунун каймана аты) катарында 2003-2009-жылдар аралыгында оюн алпарган.

Ал эми акыркы клубу болгон туриндик "Ювентуска" 2018-жылы кошулган. Ал былтыркы сезондо аталган клуб үчүн 29 гол киргизип, мыкты бомбардир болууга жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
28.08.2021. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун жанылык
28.08.2021. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Юве акыры көчүкө тееп айдаптырда. Бул келгенден бери Юве чөгүп бараткан кемеге окшоп, только артка кеттида. Эч нерсеге жетише албады. 30 млнду жөн эле воздухка төлөп атышты эле. Эми ал млндорду МЮ төлөйт воздухка))!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: