super.kg logo
  Спорт  

"Ювентуска жүрөгүмдү бердим". Криштиану Роналду "Ювентус" клубунан кетип жатканын билдирди

 

Белгилүү футбол жылдызы Криштиану Роналду "Ювентус" клубунан кетип жатканын Инстаграм баракчасы аркылуу билдирип, сезимдери менен бөлүштү.

"Бүгүн Италиянын, ал тургай бүтүндөй Европадагы чоң клубдардын бири болгон "Ювентустан" кетип жатам. Мен "Ювентус" үчүн жүрөгүмдү жана жанымды бердим, ошондой эле өмүрүмдүн акыркы күндөрүнө чейин Турин шаарын сүйүп өтөм. "Ювентустун" күйөрмандары мага дайыма сый көрсөтүштү жана мен ар бир оюнда, ар бир сезондо, ар бир турнирде алардын бул сыйын актоого аракет кылдым. Акыр аягында баарыбыз артыбызга бир карап, биргеликте сонун нерселерге жетишкенибизди эстеп турабыз. Каалаган нерсебиздин баарына ээ боло алган жокпуз. Антсе да биз чогуу сонун бир тарых жаздык", - деп калтырган белгилүү футболчу.

Эске салсак, Криштиану Роналду "Ювентус" клубуна 2018-жылы кошулган. Ал "Ювентус" менен бирге 2 жолу Италия биринчилигин, 1 жолу Италия супер кубогун утуп алууга жетишкен. Ошондой эле ушул жылдын май айында туриндик клуб үчүн 100-голун киргизген.

Буга чейин 36 жаштагы чабуулчунун Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубуна өтөрү белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.08.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунунда багы ачылбады реалдан кеткенден кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: