super.kg logo

Айдоочуну кокустан атып алган инспектордун окуясы. Тергөөнү УКМКнын жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт

 

Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын инспектору менен айдоочунун ортосунда уруш чыгып, инспектор кокустан аны атып алды. Аталган окуя боюнча тергөө ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана прокуратуранын кызматкерлери жүргүзөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, толук кандуу жана объективдүү тергөө үчүн кайгуул кызматынын инспекторуна карата бардык териштирүү аракеттери прокуратуранын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 27-августта саат 21:30 чамасында Жибек Жолу жана Гоголь көчөсүндө милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери нөөмөттө турган учурда карама-каршы көчөдө 1989-жылы туулган Ч.А. аттуу жаран RaV-4 унаасы менен бара жаткан. Ал жол эрежесин бузгандыгы үчүн кызматкерлер тарабынан токтотулган.

Айдоочу документтерин берип, протокол толтурулуп жаткан убакта кетип калган. Бир аздан кийин келип кызматкерлерге уруш чыгарган. Ал патрулдук милициянын кенже инспекторуна кысым көрсөтүп, мушташууга аракет кылган. Мындан улам ортодо чыккан ызы-чуудан инспектордун кызматтык тапанчасынан кокустан ок чыгып, айдоочу жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
28.08.2021. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырас кылыптыр. Ушинтип атып салгандарга сыйлык берип, чинин көтөрүп турса эрежени сактап айдап калышмак. Авария да азаймак. Болбосо күнүгө авариядан мынча адам өлдү деп тынбай эле чыгып атат.
28.08.2021. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу биздин айдоочулар бири бирин сыйлабайт, правиланыда сакташпайт ГАИни тоготпойбуз,кашына тебебиз, пагонун жулабыз, кепкасын айрыйбыз,мушташабыз,жан кашайткан создор мн тилдейбиз... Анан авариядан толо айыпсыз пасажирлер олуп атат.мен авариядан эжемди жоготконмун таксист обгон алып портердин мандайынан чыгып эжем шейит кетти. Качан мыйзамды сыйлайбыз? ? ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: