super.kg logo

Казакстанда 29-август жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

 

Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик бөлүктөрдүн кампасында чыккан өрттөн каза болгондор катталган. Буга байланыштуу 29-август Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Казак басылмаларынын билдирүүсүнө ылайык, тиешелүү буйрукка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.

"Адамдардын өмүрү кыйылган Байзак айылындагы трагедияга байланыштуу 29-август аза күтүү күнү деп жарыялайм. Каза болгон аскер кызматкерлери жана куткаруучулар чыныгы баатырдыкты көрсөттү. Алар элдин эсинде түбөлүк калат", - деген Токаев.

Белгилей кетсек, 26-августта кечки саат жетилер чамасында Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринин жанында өрт чыгып, анын натыйжасында кампада бир катар жарылуулар болгон.

Жалпысынан 10 жарылуу катталган. Акыркы маалыматтарга ылайык, кырсыктан 13 адам каза болуп, 90дой жаран жаракат алышты. Бул кырдаал боюнча атайын комиссия түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: