super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы 2 күндүк иш сапары жыйынтыкталды (сүрөттөр)

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 27-28-августта Баткен облусундагы иш сапары аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.

Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиргендей, мамлекет башчы Лейлек районунун Максат айылында болуп, ал жакта үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуядан жабыркаган 84 үйдүн калыбына келтирилгенин көрдү.

Ушул эле айылда Садыр Жапаровго калыбына келтирилген социалдык инфраструктура, участкалык милиция бөлүмү, фельдшердик-акушердик пункту, мектеп жана анын футбол талаасы, ошондой эле ар бир үйгө муздак жана ысык суу киргизилгени, көчө жарыктандыруусу жана асфальтталган жол көрсөтүлүп, тааныштырылды.

Андан соң Садыр Жапаров Лейлек районунда аймакты коңшу өлкөлөрдөн толук көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген "Раззаков" көмөк чордонун ишке киргизди.

Иш сапардын экинчи күнүндө президент Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяларда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн Баткен шаарында жеке курулуш компанияларынын көмөктөшүүсүндө курулушу аяктап калган 36 турак жай орун алган шаарчага барды.

Мындан сырткары Айдаркен сымап комбинатынын абалы менен таанышты. Ошондой эле Садыр Жапаров 80 жылдан ашуун кызмат кылган имараттын ордуна курулган Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы заманбап имараты менен таанышты.

Садыр Жапаров милиция кызматкерлери үчүн түзүлгөн заманбап иштөө шарттары адамдардын коопсуздугун камсыз кылууда жакшы натыйжа алып келерин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, ар бир иш-чарада президент жергиликтүү тургундар менен жылуу баарлашып, негизинен социалдык көйгөйлөргө байланышкан алардын суроолоруна жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: